Москвада Кыргызстан менен Россия ИИМ башчылары жолукту. Эмнени талкуулашты?
Москвада 14-майда Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбековдун Россия Федерациясынын ички иштер министриВладимир Колокольцев менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө укук коргоо түзүмдөрүнүн башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикирлери менен бөлүшүштү.
Мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү, киберкылмыштуулук, баңгикоркунучу менен күрөшүү, андан сырткары тергөөдөн изин жашырып жүргөн кылмышкерлерди мамлекеттер аралык издөө линиясы боюнча өз ара аракеттенүү чөйрөлөрү боюнча кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду.
Өз кезегинде Улан Ниязбеков Кыргызстан менен Россиянын укук коргоо органдарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын мындан аркы бекемдөөнүн манилүүлүгүн баса белгиледи. Ал өз ара аракеттенүү туруктуу, иштиктүү жана достук мүнөздү камтырын билдирди.
Тараптар КМШнын катышуучу мамлекеттеринин Ички иштер министрлеринин кеңешинин алкагында активдүү жана жемиштүү биргелешкен ишти улантууга даярдыгын тастыкташты.
Белгилеп кетсек, Кеңештин кезектеги отуруму ушул жылдын август айында Санкт-Петербургда өтөт.
