Алмаз Имангазиев Россия Федерациясынын Элчиси Сергей Вакунов менен жолугушуу өткөрдү
2025-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев менен Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Вакуновдун жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын жарандарын Россия Федерациясынын аймагында болуу маселелери боюнча кеңири пикир алышты. Өзгөчө көңүл эмгек мигранттарын Россияга жөнөтүү алдында даярдоо маселелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүдөн мурун сүрөткө тартуу, дактилоскопия жана медициналык кароодон өткөрүү жол-жоболорун өлкө ичинде уюштуруу мүмкүнчүлүгүнө бурулду.
Тараптар ошондой эле Россия Федерациясынын көзөмөлдөгү адамдардын Реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын миграциялык абалын мыйзамдаштыруу механизмин ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Бул жагдайда кыргыз тарап Россиянын миграциялык борборлоруна кайрылуулар кескин көбөйүп, узун кезектер пайда болуп жаткандыгы үчүн ИИМнин аймактык бөлүмдөрүндө документтерди кабыл алуу үчүн кошумча терезелерди ачуу өтүнүчү менен кайрылды. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын консулдук кызматкерлери менен аталган түзүмдөрдүн жетекчилиги ортосунда түз кызматташтык, өз ара аракеттенүүнү уюштуруунун маанилүүлүгү белгиленди, бул маселелерди жеринде ыкчам чечүүнү мүмкүн кылат.
Мындан тышкары, жарандардын жашаган дареги боюнча миграциялык каттоого туруу маселелери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын балдары Россия Федерациясынын билим берүү мекемелерине тапшыруу маалында орус тилин билүү деңгээли боюнча милдеттүү тест тапшыруу маселелери талкууланды. Кыргыз тарап мындай тестирлөөнү Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын мекемелеринде өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуш кылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү диалог жүргүзүүгө даярдыгын жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясынын аймагында жүрүүсүн жеңилдетүүгө багытталган аракеттерди мындан ары да биргелешип координациялоого аракеттенүү ниеттерин тастыкташты.
