Коомго кайтар жол: соттолгондор паспорт менен камсыз болду
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №8 түзөтүү мекемесинде 50 соттолгон жаранга Кыргыз Республикасынын жарандык паспорттору тапшырылды. Бул иш-чара соттолгондорду оңдоо жана кайра коомго адаптациялоо багытында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында уюштурулду.
Мекеме Москва райондук Калкты тейлөө борбору (КТБ) менен биргеликте, документтерди тариздөө аркылуу соттолгондордун укуктук макамын калыбына келтирүүгө көмөк көрсөттү. Жарандык паспортко ээ болуу – социалдык, медициналык жана пенсиялык кызматтарды алууга жол ачып, эркиндикке чыккандан кийин коомго ийгиликтүү интеграцияланууга шарт түзөт.
Соттолгондорду кайра коомго кошуу иштеринин алкагында документ менен камсыздоодон тышкары, турмуштук жана эмгекке жайгашууга көмөктөшүүнү, социалдык байланыштарды калыбына келтирүүнү, маданий жана коомдук көндүмдөрдү өнүктүрүүнү да камтыйт.
Бул багыттагы иштерге мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары, бейөкмөт уюмдар жана коомдук бирикмелер да активдүү тартылып, соттолгондордун мыйзамга баш ийген, пайдалуу жаран болуп калыптанышына көмөк көрсөтүшүүдө.
