Тогуз-Торого Жети-Өгүздөн алып келинген карагаттар отургузулду
Тогуз-Торо районуна Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы питомнигинен 2 500 түп карагат жана 50 түп “Алтай” сортундагы чычырканак көчөттөрү алынып келинип, отургузулду.
Ал үчүн Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн Дөдөмөл айылынын тургуну "Элдик Банк" ААКсы аркылуу КАПК программасынын алкагында 6%дык үстөгү менен 3 жылдык мөөнөткө 250 000 сом өлчөмүндө кредит алган.
Мындан тышкары, анын өздүк каражатынан 150 000 сом жумшалып, Дөдөмөл айылынан 2 гектар жер тилкеси тосулуп, ага 2 000 түп карагат көчөттөрү (сорттору: Белорусская сладкая, Ленинградская, Белая фея, Капитан) тигилген.
Мындан тышкары, 30 түп “Алтай” сортундагы чычырканак көчөтү да отургузулган. Ал эми калган 500 түп карагат жана 20 түп чычырканак көчөтү 22 дыйканга накталай чогултулган акча каражатынын эсебинен алынып келип, таратылып берилген.
