ЖКККББнын жетекчилиги Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүн Казакстанга узатты
Чүй облусунун Военно-Антоновка айылындагы мектеп-гимназиясынын окуучуларынан түзүлгөн жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн командасы Казакстан Республикасынын Усть-Каменогорск шаарына сапар алышууда.
Алар КМШ мамлекеттеринин катышуусунда өтүүчү Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн XX Мамлекеттик сынагына Кыргыз Республикасынын атынан катышышат.
Кароо сынактын катышуучуларына ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан мектеп баштыкчалары берилип, жакшы каалоо-тилектерди билдирүү менен узатылды.
Ошондой эле катышуучулардын ата-энелерине ЖКККББнын жетекчилиги тарабынан өлкө намысын коргогон мекенчил уул кыздарды тарбиялап өстүргөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирилип, бул эл аралык кароо сынакка катышуу өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын алдын алууга жана үгүт насаат иштеринин жүргүзүлүүсүнө жакшы өбөлгө болоору эскертилди.
Бул маанилүү иш-чара өспүрүмдөрдүн жол кыймылынын коопсуздугу жаатындагы билимин тереңдетүүгө, тажрыйба алмашууга жана эл аралык деңгээлде өз жөндөмдөрүн көрсөтүүгө шарт түзөт.
