«Манас» аэропорту штаттык тартипте иштеп жатат
"Манас" эл аралык аэропортунда каттамдардын жүгүртмөсүндө өзгөрүү жок. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Иран Ислам Республикасы жана Израилдеги кырдаалга байланыштуу келип түшкөн суроолорго жооп катары аэропорттон бардык каттамдар бекитилген графикке ылайык аткарылып жатканын белгилешти. Учуп кетүүлөргө жана конууларга эч кандай чектөөлөр киргизилген эмес.
Аэропорт штаттык режимде иштеп жатат. Кызматтар коопсуздукту күчөтүлгөн көзөмөл режиминде камсыздап, жүргүнчүлөрдүн жана учуулардын коопсуздугун сактоодо.
"Кыргызстан аэропорттору" ААК эл аралык абалды тыкыр көзөмөлдөп, авиациялык бийлик органдары жана авиакомпаниялар менен тыгыз кызматташууда.
Өзгөрүүлөр болгон учурда жүргүнчүлөргө расмий байланыш каналдары аркылуу кошумча маалымат берилет.
