Жапаров: Коррупция менен чогуу күрөшүү керек, силер көрмөксөн болуп отура берсеңер, жалгыз менин колумдан эч нерсе келбейт
Президент Садыр Жапаровдун Кочкор районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда, Ак-Жар айылынын Арзыкул аттуу тургуну бир нече маселени көтөрдү.
Ал паспортко “улуту” деген графаны кайтарууну, аскерге бир гана кыргыз эмес, башка улуттагы кыргызстандыктарды да чакырууну, алардан курулуш бригадасын түзүүнү сунуштады.
“Бул мамлекетке да, ошол жигиттерге да пайдалуу болмок. Биринчиден алар аскердик мөөнөтүн өтөп бүткөндө адистик да, акча да алып кетишет. А мамлекет ипотекалык үйлөрдү курууда азыраак чыгым тартмак”, – деди ал.
Андан сырткары тургун коррупция дагы деле тыйыла электигин айтып, бала бакчадан тартып жумушка киргенге чейин коррупция менен аралашып жүргөн жаштар жогорку окуу жайын аяктаганда эки адистикти: өз адистигин жана коррупционерликти алып чыгып жатышканын белгиледи.
Аны менен катар токойлорду курт жеп жатканын билдирип, бул боюнча Илимдер Академиясы кандайдыр бир чечүү жолун табышы керек деген оюн айтты.
Президент паспортко “улуту” графасы кайтарылганын билдирди.
“Мен аны 2021-жылы эле чечкенмин. Азыр каалаган жаран паспорт алып жатканда улутун жаздыра алат. Бул анын өз эрки. Эгерде улутун жаздырууну кааласа, паспорт столдогулар жазып берүүгө милдеттүү”, – деди.
Ошондой эле президент армияга баарын бирдей алууну ойлонуштуруп жатышканын, Илимдер Академиясына токой курту боюнча тапшырма берилгенин билдирди. Айтымында, быйыл октябрь айында америкалык учакты жалдоо акрылуу жайлоолорго, токойлорго жана шаардагы жайдак жерлерге урук чачылат.
“А коррупцияны айта берип жададык. Аны жок кылуу үчүн ар бириңиздер күрөшүүңүздөр керек. Көрсөңөр да көрмөксөн болуп отура берсеңер, жалгыз менин колумдан эч нерсе келбейт”, – деди Жапаров.
