Жалал-Абадда үч эм төрөлүп, алардан облус башчысы кабар алды
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
17 июль

Жалал-Абадда үч эм төрөлүп, алардан облус башчысы кабар алды

Сузак районунун тургуну Жаркынай Алмаматова Жалал-Абад облустук төрөт үйүндө үстүбүздөгү жылдын 6-июлунда үч эмди жарык дүйнөгө алып келди. Алардын экөө кыз, бирөө эркек.

Бүгүн облус башчысы Тилек Текебаев төрөт үйүнө барып, алардын абалынан кабар алды. 

Учурда эненин жана ымыркайлардын абалы дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, канааттандырарлык деп бааланууда.

Облус башчысы аталган үй-бүлөнү куттуктап, ымыркайлардын ден соолугу чың, өмүрү узун болуп, эл-журтка кызмат кылган татыктуу инсандардан болуп чоңоюшуна тилектештигин билдирди.

Ошондой эле белектерин тапшырып, үч эмдин төрөлүшү үй-бүлө үчүн эле эмес, жалпы облус үчүн да кубанычтуу окуя экенин белгиледи.