Лейлектин тургундары чек арачылыкка жергиликтүү жаштарды алууну суранышууда
20 май

Лейлектин тургундары чек арачылыкка жергиликтүү жаштарды алууну суранышууда

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун тургундары Чек ара кызматына жергиликтүү жаштарды алууну суранышууда. 

Алардын суранычын тиешелүү тарапка депутат Камила Талиева Жогорку Кеңештин жыйынында жеткирди. 

“Мен жакында Лейлекте болдум, жергиликтүү тургундар “биз чек ара аймагы болгондуктан, жергиликтүү жаштарды чек арачылыкка алышса туура болмок” деп жатышат. Бул биринчиден, жаштар жумуш менен камсыз болот, экинчиден, батир маселеси чечилет. Анткени сырттан чек арачылар келгенде мамлекет алардын батир акысын төлөп берет. Жергиликтүү жаштарды алуу мамлекетке бир топ жеңилдик бермек”, – деди депутат. 

Ал район тургундары чек арачылардын 60-70 пайызы жергиликтүүлөрдөн болушу керек деген пикирде болуп жатышканын кошумчалады.