Жергиликтүү бийликтин “рейдерчилиги”: Кочкордун дээрлик ар бир тургуну президентке жерге байланышкан маселесин айтууда
Президент Садыр Жапаровдун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуусунда, эл арасынан кызыл китеби бар жерлери жергиликтүү бийлик тарабынан алынып жатканы тууралуу билдирүүлөр көп жасалды.
Айтылган жерлердин баарын жергиликтүү бийлик сот аркылуу мунициапалдык баланска алган.
Аскарбек Алканов аттуу 80 жаштагы тургун 2 гектар жерди таштан тазалап, өздөштүрүп, суу жеткирип, арпа айдоосуна айланткан кийин тарттырып жибергенин айтса, дагы бир тургун 70 сотых жеринин 40 сотыхын мектеп салуу үчүн район бийлиги алганын, бирок ордуна башка жер бербей коюшканын билдирди.
“40 сотыхты мектеп салганга деп алып, ордуна Семиз-Белден жер беребиз дешти. Ал жерге барып казык кагып, бардык документтер бүткөндөн кийин, башка кишиге берип салышты дагы, мени каттоодо жок экенсиң деп коюшту”, – деди тургун.
Район акими ал жаранга берилген жер Кадастрдан бош жер катары чыкканын билдирди. Ошондой эле документ коррупциялык жол менен берилиши мүмкүндүгүн айтып, күнөөнү Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерине оодарды.
“Прокуратура жерди менин каттоомдо турат деп корутунду чыгарган. Мына, кагазы. Өз көзүңүз менен көрүңүзчү, урматтуу президент! Булар болсо мени каттоодо жок экенсиң деп жатышат”, – деп тургун жаны ачып колундагы кагазды булгалады.
Райондук прокурордун маалыматына караганда, жарандын маселеси Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери тарабынан туура эмес жасалган иштен улам келип чыккан. Бирок ал кызматкерге кылмыш иши козголгон эмес, анткени кылмыш мөөнөтү өтүп кеткен.
“Силер мындай кылгыла, бул киши менен териштиргиле, 40 сотых жерин башка жерден бергиле. Мектеп салынабы, темир жолбу – мамлекетке керек болсо жарандардын жерин соодалашып, рынок баасында алып жатабыз. Макулдашуу, соодалашуу керек. Жөн эле кызыл китебин тартып ала берсеңер, жеке менчик укугу кайда калат”, – деди президент.
Госрегистр кызматкери тарабынан туура эмес иштер аныкталган эскертме отуп кеткендиктен кылмыш иши кыскартылган. Бул кишинин куноосу жок госрег мурдагы жетекчисинин куноосу.
Ошондой эле президент жолугушууда 500 киши отурса, алардын 490унун үлүшкө тийген жерлерине кызыл китеби бардыгын эске салып, жергиликтүү бийликке аларга тийбөөнү эскертти.
“Баарын эле сотко берип, жерин тартып ала берсеңер эмне болот”, – деди президент.
