Түп районундагы бир нече жолго асфальт төшөлдү
Түп районунда бир нече унаа жолдорду асфальттоо иштери ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Михайловка–Николаевка–Токтоян–Сары-Тологой унаа жолунун 7 чакырым аралыгына (19–26-км) асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди.
Өткөн жылы бул жолдун 6,6 км асфальтталган.
Ошондой эле, Каркыра–Турук–Сары-Жаз жолунун 13–16-чакырым аралыгына асфальт басуу иштери бүткөрүлдү.
Мындан тышкары, Долон–Кош-Дөбө унаа жолундагы көпүрөнүн курулушу уланууда. Учурда кɵпүрɵнүн тирɵɵчтɵрүн орнотууга жээктери бекемделүүдө.
Жол иштери №4 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлдү. Азыркы тапта шагыл жолдорду жана жайлоого кеткен жолдорду убактылуу кароо, жаандан кийинки сүрүп-тегиздөө иштери жүрүүдө.
