ӨКМ Дүйнөлүк банк менен өзгөчө кылдаалдарга ыкчам чара көрүү боюнча ири долбоорду ишке ашырат
27 август

ӨКМ Дүйнөлүк банк менен өзгөчө кылдаалдарга ыкчам чара көрүү боюнча ири долбоорду ишке ашырат

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде 26-августта министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетовдун жетекчилигинде Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушуу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда министрдин биринчи орун басары өнөктөш делегаттардын иш сапары жана алардын буга чейинки көп жылдан берки ар тараптуу колдоолоруна ыраазычылык билдирип, өлкөнүн өзгөчө кырдаалдарга туруктуулугун жогорулатуу боюнча демилгелерди ишке ашыруу жаатында көрсөтүлгөн жардамдары өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө КР ӨКМ Дүйнөлүк банктын командасы менен биргеликте Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана алдын алуу максатында иштеп чыккан “Өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү долбоорун” (CERP) жана аны каржылоо механизмдерин талкуулап, бул демилгенин ишке ашышы менен кризисттик кырдаалдарды башкарууда жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачыларына ишеним артышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар дүйнөлүк климаттын өзгөрүүсү жана өлкөдө табигый кырсыктардын саны өсүп жаткан шартта аймактардын коопсуздугун коргоо үчүн өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу жаатында кызматташууну өнүктүрүү, өз ара мамилелерди чыңдоо учур талабы экенин кошумчалашты.