Жалал-Абад шаарында №1 поликлиниканын курулушу уланууда
18 март

Жалал-Абад шаарында №1 поликлиниканын курулушу уланууда

Жалал-Абад шаарындагы №1 поликлиниканын курулуш долбоорун ишке ашыруу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлайт. 

Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 156 млн сомду түзгөн.

Долбоорго ылайык, жалпы аянты 3141 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имарат курулууда.

Жаңы медициналык мекеме заманбап жабдуулар менен камсыздалып, шаар тургундарына ыңгайлуу шартта сапаттуу медициналык кызматтарды көрсөтүүгө багытталат.

Министрлик курулуш иштеринин жүрүшүнө жана аткарылган иштердин сапатына тыкыр көзөмөл жүргүзүүдө.

Учурда курулуш иштери 47%га аяктады.