Ысык-Көлдө SOS белгисин берген адам куткарылды
23 июль

Ысык-Көлдө SOS белгисин берген адам куткарылды

Рейд маалында ӨКМнин куткаруучулары көлдүн горизонтунда жалгыз турган адамды байкашкан. Жакыныраак барганда ал жардам сурап, SOS белгисин берип жатканын көрүшкөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, бул адам надувной «таблеткага» отуруп, катер менен эс алып жаткан. Бирок катердин айдоочусу эки кишини бир убакта тарта албай турганын айтып, алардын бирөөсүн көлдүн ортосуна түшүрүп, экинчисин кыдыртып кеткен.

Жалгыз калган киши кооптуу абалга туш болуп, жардам сурап сигнал берген. Бактыга жараша, ӨКМ кызматкерлери ыкчам жетип, кырдаалды көзөмөлгө алышкан. Бир аздан кийин катер кайтып келип, адамды алып кеткен.

Куткаруучулар мындай аракеттерге жол берилбеши керектигин, ачык сууда адамды жалгыз таштап кетүү өмүргө кооптуу экенин түшүндүрүп, алдын алуу боюнча эскертүү беришти.