Президент “жакшы тамак ичип турушум керек” деген 91 жаштагы аксакалга жардам берүүнү убадалады
Кочкор районунун Теңдик айылынын тургуну Акмат Шаршенбаев президент Садыр Жапаровго пенсия көйгөйү менен кайрылды.
Белгилей кетсек, мамлекет башчы Кочкор районунун тургундары менен жолугушууда.
“Мен 92 жаштамын. 1951-жылдан 1969-жылга чейин уран кенинде шахтер болп иштеп, 1969-жылы жабылып калгандан кийин, 100 сомдук жумушта иштеп жүрдүм. Кийин пенсияга чыгаарда баштагы кенде иштеген жылдарым эске алынбай, акыркы жумушум боюнча гана чыгып калдым. Соцфондго барсам туура эле чыгыптырсыз, башка келбеңиз дешти. Эчкидей жашым калды, пенсиямды көбөйтүп койбойсузбу?” – деди аксакал.
Мамлекет башчы бул суранычты күлүп кабыл алды.
“Пенсияны көтөрүү менин колумдан келбейт, Соцфонд, мыйзам деген бар”, - деген Садыр Жапаров тиешелүү кызмат өкүлдөрүнө тургундун маселесин карап чыгууну тапшырды.
“Азыр 22 миң сом пенсия алам, пенсияга чыкканыма 40 жыл болду. Карыганда дары көп ичет экенсиң, анан кичине даамдуу тамактарды жеп туруш керек”, – деди тургун.
Президент жанындагыларга аксакалдын телефон номерин жазып алууну тапшырды.
“Жакшы тамак ичип турганыңызга мен жардам берейин. Эртең-бүрсүгүнү мага келиңиз”, – деди ал.
