Ысык-Көлдө өспүрүмдөр эркек кишини сабап кетишти
4 август

Ысык-Көлдө өспүрүмдөр эркек кишини сабап кетишти

2025-жылдын 03-август күнү Ысык-Көл РИИБне билдирүү 103- кызматынан келип түшкөн, себеби; 2025-жылдын 03-август күнү Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жайгашкан “Акун” эс алуу жайынан 1972- жылы туулган Н.Б. аттуу жаранды балдар сабап дене жаракатын алып түшкөндүгүн билдирген.

Аталган билдирүү, 03.08.2025-жылы Ысык-Көл РИИБдин МЭЖне катталып тергөөгө чейинки териштирүү иши башталган.  

Териштирүүдө төмөнкүлөр аныкталган, 2025-жылдын 2-август күнү болжол менен саат 23:00 чамасында Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жайгашкан “Акун” аталышындагы эс алуу жайынын аймагында жайгашкан банкеттик залда коомдук тартип бузулган. Тактап айтканда, белгисиз бир нече жарандар аталган жайга мыйзамсыз кирип келип, ал жерде эс алып жаткан “Авангард Строй” ЖЧКсына тиешелүү курулуш фирмасынын кызматкерлерине карата орой жана агрессивдүү аракеттерди жасашып, алардын айрымдарына физикалык күч колдонушкан. Бул окуя боюнча жүргүзүлгөн тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жыйынтыгында, топ адамдардын аракеттери коомдук тартипке жана жарандардын жашоосуна коркунуч келтиргени жана жарандардын коопсуздугуна шек келтирген.

03.08.2025-жылы аталган факт боюнча, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталган.

03.08.2025-жылы жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 38 жана 163-беренелерин жетекчиликке алып, кылмыш иши боюнча тергөө тобу түзүлгөн.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери тарабынан аталган факт боюнча, окуяга тиешеси бар адамдар аныкталып, Ысык-Көл РИИБне камсыздалып, иш-чаралар жүргүзүлүп, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө, ошондой эле аталган эс алуу жайынын видео байкоо көзөмөл жүргүзүү видеолору алынып, видео кароо жүргүзүлдү.

03.08.2025-жылы кылмыш иши боюнча, Авангард Строй” ЖЧКсына тиешелүү курулуш фирмасынын директорунун орун басары Бишкек шаарынын тургуну 02.06.1986-жылы туулган Б.С мыйзамдуу өкүлү катары табылган.

Аталган факт боюнча тергөө-ыкчам иш чаралардын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары:

1) Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жайгашкан “Акун” эс алуу жайынын күзөтчү кызматында иштеген, Ысык-Көл районуна караштуу Чолпон-Ата шаарынын тургуну 25.05.1993-жылы туулган К.У. кармалган.
2) Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жайгашкан “Акун” эс алуу жайынын күзөтчү кызматында иштеген, Ысык-Көл районуна караштуу Кара-Ой айылынын тургуну 16.05.1988-жылы туулган Н.А. кармалган.
3) Ысык-Көл районуна караштуу Чолпон-Ата шаарынын тургуну 17.02.2005-жылы туулган Б.Э. кармалып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-97-беренелеринин негизинде Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Андан сырткары, Ысык-Көл районуна караштуу Чолпон-Ата шаарынын тургуну 17.02.2005-жылы туулган Б.А. жана Ысык-Көл районуна караштуу Чолпон-Ата шаарынын тургуну 28.04.2006-жылы туулган Б.Б. аттуу жараандардын аталган кылмыш ишине тиешеси бар экендиги аныкталып, азыркы учурда Ысык-Көл РИИБнө териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери тарабынан камсыздоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жогорудагылардын негизинде азыркы учурда, кылмыш иши боюнча тийиштүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.