Жакында Бишкектин Алтымышев көчөсүндө жаңы тротуар пайда болот
А.Алтымышев көчөсүндөгү тротуарды капиталдык оңдоо иштери аяктоо алдында турат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иштер жолдун түштүк тарабынан У. Асаналиев көчөсүнөн Д. Садырбаев көчөсүнө чейинки жалпы узундугу 2,3 км болгон жерде жүргүзүлүүдө.
"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы эски асфальтты алып салуу, ирригациялык системаны жана бордюрларды орнотуу, ошондой эле тротуардын негизин даярдоо боюнча иштерди аткарды.
Учурда асфальт-бетон аралашмасы төшөлүүдө.
