Ысык-Көлдө мыйзамсыз баңгизат сатууга аракет кылган жаран кармалды
18 март

Ысык-Көлдө мыйзамсыз баңгизат сатууга аракет кылган жаран кармалды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз баңгизат сатууга аракет кылган жаран кармалды, деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 20-февралында Ысык-Көл ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө мыйзамсыз баңгизат сатууга аракет кылган жаран кармалды.

Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылынын тушунда, Балыкчы–Ананьево–Каракол автожолунда 1992-жылы туулган Б.А. 76 даана ширенке кутучасына салынган баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалган.

Факт Ысык-Көл ОИИБдин КБРне катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо”) боюнча кылмыш иши козголгон.Тергөө кызматы тиешелүү тергөө чараларын жүргүзүп, алынган затка соттук-химиялык экспертиза дайындалган.

Экспертизанын жыйынтыгында алынган зат гашиш болуп, наркотикалык заттардын катарына кирери белгиленген. Каракол шаардык сотунун токтому менен Б.А.га 2 ай мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы белгиленген

Тергөө амалдары уланууда.