Бишкектин бир бөлүгүндө 2-июлда таза суу жок болот
30 июнь

Бишкектин бир бөлүгүндө 2-июлда таза суу жок болот

Бишкектин бир бөлүгүндө 2-июлда саат 10:00дөн 17:00гө чейин таза суу жок болот, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. 

Өчүрүү району: 112-кичи району. 

Өчүрүү "Дастан Сити" турак жай комплексинин котлованындагы суу түтүгүндөгү аварияны аныктоо боюнча иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.

«Бишкексууканал» МИси  келтирилген  ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.