
Бүгүн Эл аралык дарыгерлер күнү
Октябрдын биринчи дүйшөмбүсүндө дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү Дарыгерлердин эл аралык күнүн белгилейт. Бул датага карата “Карван-Инфо” дарыгерлер жана медицина тууралуу кызыктуу фактылары чогултту.
1. 18-кылымда көптөгөн ооруларды кан чыгаруу менен дарылашкан. Эгерде жаман канды азыраак агызып жиберсе, бейтап дароо өзүн бир топ жакшы сезип калат деп эсептешкен. Болгондо да бул ыкманы жөнөкөй башы оорудан тартып ууланууга чейинки бардык ооруларга колдонушкан.
2. Жыл сайын дарыгердин түшүнүксүз кол жазмаларынын айынан рецептти окуй албагандыктан 7000 адам жашоо менен кош айтышат. Так ушундай кол жазмалардан келип чыкчу кырсыктарды болтурбоо үчүн Индия дарыгерлерди рецепти баш тамга менен жазууга мыйзам чегинде милдеттендирген.
3. Вавилондо туура эмес дарылаган дарыгерлерди абдан катаал жазалашкан. Алардын колун кесип салышкан. Анын айынан дайыма адистердин таңкыстыгы жаралган жана эл бирин бири өздөрү дарылашкан. Ооруган адам аянтка келип, ортосуна турган, а өтүп бараткан адамдар эмне маселеси бардыгына кызыгышкан. Эгерде кимдир бирөө ошондой оору менен ооруган болсо, кантип айыгуу боюнча кеңешин берген.
4. Байыркы Египетте өлтүрүлүп майдаланган чычканды дары ордуна көп колдонушкан. Кээде бул “дары” дарттан да коркунучтуу болгон – инфекциядан өлүп калуу тобокелчилиги жогору эле.
5. Ошол эле Египетте XII кылымда Түндүк Африканын чоң бөлүгүн басып алган арабдар универсалдуу дары катары талкаланган мумияны колдонушкан. Албетте, мындай дары пайда берген эмес, ошол эле маалда зыяндуу да болгон.
6. Врачтардын биринчи тар адистиктери Байыркы Римде пайда болгон. Байыркы Рим коомунда кул-медиктер кызмат кылган. Аларга бай адамдар ээлик кылышкан.
Биринчи хирургдар Байыркы Египетте болгон. А биринчи пластикалык хирургдар Байыркы Индиядан чыгышкан. Алар кылмышкерлердин кесилген мурдун калыбына келтиришкен.
7. 19-кылымдын соңунда фармацевттер оору белгилерин натыйжалуу жок кылып, жөтөлдө эс алдыруучу жана эйфория сезимин тартуулаган жаңы дары ойлоп табышкан. Аны кабыл алган бейтаптар дарыны ичкенден кийин өздөрүн кудуреттүү баатырдай сезип калганын айтышкан. Бул дары каражаты “героин” деген аталышты алган. 1910-жылга чейин дарыканаларда ооруну басаңдатуучу жана жөтөлдү басуучу күчтүү каражат катары сатылган.
8. Байыркы гректер электрдик скат курмандыгын ток менен урганда, ал эч нерсени сезбей каларын билишкен. Ошол нерсени байыркы грек дарыгерлери аны оор операцияларда жана төрөт учурунда оору белгилерин жеңилдетүү үчүн колдонушкан.
9. Кызыктуу факт! Амнезия (эс тутумун жоготуу) учурунда бейтап эне тилинде сөгүнгөн сөздөрдү унутпайт. Бул дарыгерлерге ал адамдын кайсы улуттан экенин аныктоого жардам берет.
10. Эң кандуу, сөздүн түз маанисинде, операция 1970-жылы жасалган. Гемофилия менен жабыркаган бейтаптын жүрөгүнө операция жасоо үчүн 15 ваннанын кырына чейин толтурулган кан керектелген – бул 1080 литр кан!