Ош шаарында Навои көчөсү 6 тилкелүү болуп ачылды
Ош шаарынын А. Навои көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Ачылышка мэр Жеңишбек Токторбаев, төрага Болот Баетов жана жергиликтүү тургундар катышты.
Реконтсрукциялоо иштеринен кийин бул көчө 6 тилкелүү болуп өзгөрдү. Узундугу 2,6 чакырым, кеңдиги 26 метр.
Кыска убакытта жолдун эки тарабына жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуар, лоток жана жарыктандыруулар орнотулат.
