Жаңы эл аралык «Жалал-Абад» аэропортун куруу маселеси иштелип жатат
7 октябрь

Жаңы эл аралык «Жалал-Абад» аэропортун куруу маселеси иштелип жатат

Жаңы эл аралык «Жалал-Абад» аэропортун куруу маселеси иштелип жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаган билдирүүсүндө айтылат. 

«Ошону менен катар Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында бүгүнкү күндө «Манас» эл аралык аэропортунун жеке каражатынын эсебинен «Кербен», «Каракол», «Талас», «Нарын» жана «Казарман» аймактык аэропорттору толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, четинен колдонууга бериле баштады. Ал эми аба кемелери паркыбыз жаңы учактар менен толукталып, жаңыртылууда», - деди президент.