Ысык-Көл облусунда «Криминал» аталышында атайын операциясы өткөрүлдү
16 август

Ысык-Көл облусунда «Криминал» аталышында атайын операциясы өткөрүлдү

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-полковник К.К. Ташиевдин тапшырмасын аткаруунун негизинде, уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иш-аракеттеринин көрүнүштөрүнө бөгөт коюу жана жоюлган уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адамдардын арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ысык-Көл облусунун аймагында “Криминал” деп аталган атайын операцияны өткөрдү.

Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун жергиликтүү тургундарынын ичинен уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар 144 адам Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин адистештирилген реестринде турганы аныкталды, алар:

  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү мекемелеринде – 16;
  • Ысык-Көл облусунда туруктуу жашагандар – 45;
  • Кыргыз Республикасынан чыгып кеткендер – 9;
  • Кыргыз Республикасынын башка аймактарында жашагандар – 74.

2025-жылдын 13-августунда уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адамдардын жашаган жери боюнча 13 дарек боюнча активдүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Мынташ тышкары, «Кылмыштуу идеянын» пайда болушуна жол бербөө боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын ИИМ адистештирилген каттоосунда турган 26 адамга карата түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.

Ысык-Көл облусунун аймагында жашаган 74 жаранга карата ыкчам-издөө жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

КР УКМК билдирет, эгер сиздерге уюшкан кылмыштуу топторго жана башка кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдар тарабынан жасалган же жасалган кылмыштар тууралуу маалымат келип түшсө, КР МУККнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына кайрылууну же 03922 5-11-80 телефон номуруна чалууну суранабыз, анонимдүүлүккө кепилдик берилет.