Кыргызстан менен Тажикстандын Финансы министрликтери кызматташат. Меморандумга кол коюлду
30 октябрь

Кыргызстан менен Тажикстандын Финансы министрликтери кызматташат. Меморандумга кол коюлду

Вашингтондо 21-октябрдан 26-октябрына чейин Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун Башкаруучулар Кеңешинин жылдык жыйыны болуп өттү. 

Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул иш-чарага КРнын финансы министри Бакетаев Алмаз Кушбекович катышты.

Тажикстандын финансы министри Файзиддин Каххорзода менен эки тараптуу жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Финансы министрлигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.

Бул меморандум финансы тармагындагы кызматташууну тереңдетүүгө негиз түзүп, тажрыйба алмашууга, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана чет элдик инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берет, бул өз кезегинде аймактык туруктуулукка жана экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзөт.