Адылбек Касымалиев социалдык кызматкерлерге кызматтык унаалардын ачкычын тапшырды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кызматтык унааларды салтанаттуу тапшыруу аземине катышты.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун мамлекеттик органдардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду. Бул демилгенин алкагында министрликтин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнө жаңы 77 даана «Chevrolet Tracker» үлгүсүндөгү унаасы алынып келинди.
Адылбек Касымалиев Президенттин жана Министрлер Кабинетинин атынан социалдык кызматкерлерди бул маанилүү окуя менен куттуктады.
«Социалдык кызматкерлер эң гумандуу кесиптердин биринин өкүлдөрү, социалдык прогресстин жана инклюзивдик коомду куруунун кыймылдаткыч күчү болууга, ар бир адамдын колунан келе бербейт, бирок сиздер күн сайын эрдиктерди жасап жатасыздар. Кайрымдуулук иштерине көп адамдар тартылат жана биз алардын салымын баалайбыз. Бирок, социалдык кызматкерлер муну дайыма, ашыкча пиар кылбастан, көп учурда башкалардын көйгөйлөрүн жүрөгү менен кабыл алып, иштеп жатасыздар», – деди МинКаб Төрагасы.
Ал ошондой эле Кыргызстанда балдарды кошкондо 200 миңден ашык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жашап жатканын, 500 миңден ашуун адам мамлекеттик жөлөк пул алып жатканын белгиледи. Мындан тышкары, социалдык кызматкерлер 9 миңден ашык жалгыз жашаган улгайган жарандарды, майыптарды, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды, турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдарды коргоого алышат. Ошол эле учурда бул иштерди миңге жетпеген социалдык кызматкерлер ишке ашырып, алар аз болгонуна карабастан мамлекеттин социалдык саясатын ишке ашырууда негизги күч болууда.
«Технологиянын өнүккөнүнө, жашоо сапаттын жакшырганына карабай, эмне үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны өсүп жатканын ойлонушубуз керек. Экологиялык көйгөйлөр, кырсыктар, жана согуштук кагылышуулардын кесепеттери – мунун баары тилекке каршы, адам колу менен жаралган. Дүйнө бири-бири менен тыгыз байланышта, бул көрүнүштөрдүн терс кесепеттери, тилекке каршы, бардыгына таасирин тийгизип жатат», – деди Адылбек Касымбек.
