Кадамжайда мас айдоочулар милиция кызматкерлерине кол салышты
Кадамжайда мас айдоочулар милиция кызматкерлерине кол салышты. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан кабарлашты.
Окуя 27-июнда болжол менен саат 19:30да болгон.
Кадамжай шаарында ички иштер органдарынын кызматкерлери улук лейтенант У.Д. жана старшина М.А. кызматтык милдетин аткарып жүргөн учурда күтүүсүз жана мыйзамга каршы жагдайга туш болушкан.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында жүргүзүлгөн көзөмөл маалында мас абалда автоунаа башкарып бара жаткан 34 жаштагы М. уулу Б. токтотулган. Анын жанында унаада айылдаштары — 37 жаштагы А.Ж. жана 30 жаштагы Б. уулу Р. болгон. Милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбестен, алар орой каршылык көрсөтүп, физикалык түрдө кол салышкан.
Окуя болгон жерге дароо Кадамжай РИИБдин ыкчам-тергөө тобу жетип келип, тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлдү.
Шектүүлөр дароо кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Медициналык кароо учурунда алардын спирт ичимдигин ичишкени тастыкталды.
Жабыркаган милиция кызматкерлери соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлүп, алардын жаракат деңгээли аныкталууда. Окуя боюнча күбөлөр суралып, тергөө иштери жүрүп жатат.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык («Бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу») кылмыш иши козголуп, шектүүлөргө айып угузулду.
Кадамжай райондук сотунун чечими менен аларга карата баш коргоо чарасы катары 1 айга камакка алуу чечими кабыл алынды.
