Чүй облусу боюнча жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларында 5100 даана изолятор алмаштырылды
27 август

Чүй облусу боюнча жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларында 5100 даана изолятор алмаштырылды

Энергетика министрлигинин тармакты жаңылоого, модернизациялоого багытталган иш пландарынын алкагында, Чүй облусу боюнча жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларында 5100 даана жарактан чыккан изоляторлор алмаштырылды.

“КУЭТ” ААКнын филиалы Чүй электр тармактар ишканасынын Жогорку чыңалуудагы тармактар кызматынын электр куроочулары 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштеринин алкагында Чүй облусу боюнча 5100 даана изоляторлорду алмаштырып, 227 чакырым аба чубалгыларын капиталдык оңдоодон өткөрдү.

Андан тышкары 1065 чакырым аба чубалгысын техникалык тейленди.

Бул иштер келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн жана керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн жасалууда. Маалымат үчүн: Чүй электр тармактар ишканасынын Жогорку чыналуудагы тармактар кызматынын электр куроочулары Балыкчы шаарынан Панфилов районунун Кум-Бел ашуусуна чейинки 2593 чакырым жогоркучыңалуудагы аба чубалгысын тейлейт.

Пландаштырылган оңдоп-түзөө иштери убагында эртен менен саат 09-00дөн кечки саат 17-00гө чейин электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт. Оңдоп-түзөө иштери кайсы аймакта, качан болору тууралуу маалымат Чүй электр тармактар ишканасынын официалдуу сайтына http://chupes.nesk.kg/ru/жана Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларына жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” мобилдик тиркемеси аркылуу да билдирүүлөр келет.