Улукбек Марипов Комор аралдары Биримдигинин элчиси менен жолукту
2025-жылдын 5-мартында Элчи Улукбек Марипов дипломатиялык мамилелерди орнотуу, ошондой эле БУУнун шайлоо органдарына Кыргызстандын талапкерлигин илгерилетүү боюнча иштин алкагында Комор Аралдары Биримдигинин Сауд Араб Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аль-Хабиб Аббас Абдулла менен жолугушту.
Жолугушууда өзгөчө көңүл Кыргызстан менен Комор Аралдарынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу, эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу аркылуу саясий кызматташтыкты орнотуу, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерине бурулду.
Элчи У.Марипов Кыргызстан жана өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу кыскача айтып берди. Тараптар ошондой эле жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн караштырып көрүүнү макулдашты.
Жолугушууда 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргыз Республикасынын талапкерлигин алдыга жылдыруунун алкагында Кыргызстандын Африка өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүүсүнө да өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу, расмий сапарларды уюштуруу, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана кеңейтүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүү боюнча биргелешкен иштерди улантуу боюнча макулдашууларга жетишилди.
