КР ТИМ башчысы менен Россиянын элчиси кыргызстандыктарды РФга кирүүсүнө байланыштуу маселени талкуулашты 
7 октябрь

КР ТИМ башчысы менен Россиянын элчиси кыргызстандыктарды РФга кирүүсүнө байланыштуу маселени талкуулашты 

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Министр элчини Россиянын Кыргызстандагы кызыкчылыктарын коргоо боюнча маанилүү жана жооптуу миссияга дайындалышы менен куттуктады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус мамилелерин эки тараптуу форматта да, эл аралык уюмдардын алкагында да өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.  Анда өзгөчө көңүл Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтыгын тереңдетүүгө бурулду.

Союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда тараптар жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги визиттердин мөөнөттөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясына кирүүсүнө байланыштуу маселелерди жана алардын балдарын Москва шаары жана Москва облусундагы билим берүү мекемелерине киргизүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты.