Бакай-Ата районунда 266 даана трансформаторду техникалык тейлөө иштери баштылды
Талас электр тармактар ишканасы Бакай-Ата РЭТи тарабынан 266 даана трансформаторду техникалык тейлөө иштери аткарылууда.
Ошондой эле, 2025-жылдын күз-кыш мезгилине карата трансформаторду капиталдык оңдоодон өткөрүү иштеринин алкагында 39 даана трансформаторду капиталдык оңдоодон өкторүү иштери пландалып, 126 даана жыгач мамычалар темир бетон мамычага алмаштырылат.
Андан тышкары, Бакай-Ата районунда 615,439 км 10-0,4 кВ аба чубалгысына техникалык тейлөө иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми, капиталдык оңдоо иштеринин алкагында 18,600 км аба чубалгысында оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Ошондой эле, Бакай-Ата районунда 3 трансформатордун кубаттулугу жогорулатылып, 1 даанасы 400 кВАдан 630 кВАга, ал эми 2 даанасы 63 кВАдан 250 кВАга көтөрүлөт.
Мындан тышкары, Бакай-Атада 7 800 даана акылдуу эсептегичтерин орнотуу иштери жүрүүдө.
Талас электр тармактар ишканасынын пландалган электр энергиясын өчүрүүлөр тууралуу билдирүүлөр Талас электр тармактарынын официалдуу сайтында http://tpes.nesk.kg/ru/ жана Facebook , Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларында жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” тиркемесине билдирүүлдөр келет.
