Ош шаарында кезектеги “Тилемчи” деген аталыштагы профилактикалык иш чара өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын ИИМнин 2025-жылдын 3-август күнү чыгарылган атайын тескемесинин негизинде Ош шаарынын аймагында “Тилемчи” деген аталыштагы коомдук профилактикалык иш чара болуп өттү.
Иш чарага Ош ШИИБнин жашы жетелектер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жана Ош шаарынын социалдык өнүгүү башкармалыгынан жана башка өкүлдөрдөн 8 кызматкердин катышуусунда өткөрүлдү.
Ош шаарынын аймагында тилемчилик, селсаяктык кылуучу өспүрүмдөр чогулуусу мүмкүн болгон 201 ар кандай жерлер, тилемчилик кылуучу жайлар, көчөлөр жана башка жайлар текшерилип, анын негизинде 30 өспүрүм аныкталып түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп ата энелерине тапшырылып берилди, Ош ОИИБнин балдардын реабилитациялоо борборуна 30, социалдык мекемелерге, балдар приюттарына 6 өспүрүм, интернатка 1 өспүрүм, Ош ШИИБнын кабыл алып, бөлүштүрүү жайына 22 атуул тапшырылган.
Алардын ичинен 10 өспүрүмгө материалдар топтолуп, алардын мындан кийинки башпаанегин чечүү боюнча Ош шаардык мэриясындагы балдар комиссиясына жиберилди. Андан сырткары тилемчилик менен алектенген жарандар, балдар тууралуу маалымат иретинде жергиликтүү бийлик органдарына 30 маалымат каттары жиберилген.
