Ленин РИИБдин кызматкерлери «Допинг» аттуу профилактикалык иш-чара өткөрүүдө
16 август

Ленин РИИБдин кызматкерлери «Допинг» аттуу профилактикалык иш-чара өткөрүүдө

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери баңги заттарды камтыган дары-дармектердин мыйзамсыз жүгүртүлүшүн алдын алууга багытталган «Допинг» аттуу профилактикалык иш-чара өткөрүүдө.

Иш-чаранын алкагында милиция кызматкерлери райондун аймагында жайгашкан дарыканаларды кыдырып, сатуучулар жана фармацевттер менен профилактикалык маектерди өткөрүштү.

Аларга баңги жана психотроптук заттарды камтыган дары-дармектерди дарыгердин рецептисиз сатууга тыюу салынганын жана мыйзам талаптарын так сактоо зарылдыгын эскертишти.

Мындай алдын алуу иш-чаралары көз карандылык жараткан дары-дармектерди мыйзамсыз алуу жана колдонуу фактыларынын алдын алууга, ошондой эле жарандардын ден соолугун коргоого багытталган.