Таласта кызмат адамынан опузалап акча талап кылган жаран кармалды
15 август

Таласта кызмат адамынан опузалап акча талап кылган жаран кармалды

Талас ОИИБге Бакай-Ата районунун 61 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында каймана аты “Чолпонбай” аттуу жаран жана дагы башка бир нече шериктери менен кылмыштуу топ түзүшүп, алдын-ала сүйлөшүп алып, арыз ээси кызматта турган учурда, кызматтан кетирүү максатында кур дооматтарды коомчулукка таратып, резонанс жаратуу менен коркутуп, арыз ээсинен системалык түрдө опузалап акча каражаттарын талап кылып жатканын билдирген. Натыйжада арыз ээси мамлекеттик кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Аталган факты Талас ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Талас ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттүү кызматынын жана ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Талас облусу боюнча атайын операциялар отрядынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмыш ишине шектүү катары Бакай-Ата районунун тургуну 1975-ж.т. Р.А. кармалып, Талас райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып, камакка алуу бөгөт чарасы тандалган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Р.А. арыз ээсинен 300 миң сом опузалап талап кылып, 100 миң сом алгандыгы жана бир нече кыймылдардын, коомдук фонддордун мүчөсү болгондугу аныкталган.

Кылмыш ишине шектүү Р.А. аттуу жарандан жабыр тарткандар болсо 0501 71 71 20 номерине кайрылыңыздар.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.