Сүрөт: depositphotos.com
1 сентябрь
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Кырчынга барчу 35 чакырым жол асфальтталды
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Кырчын жайлоосуна алып баруучу жолдордун жалпы 35 чакырым аралыгына асфальт төшөлдү.
Тактап айтканда, Семеновка – Ак-Суу жана Григорьевка – Көл-Кашка-Суу жолдорунда оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, аталган багыттарда көпүрөлөр да курулду.
Белгилей кетсек, жаңыланган инфраструктура Көчмөндөр оюндары аяктагандан кийин да пайдаланылып, аймакта туризмдин жана региондун өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
