Ташиев курулуш иштерине кыргызстандыктарды алууну тапшырды: Чыдамы аз болсо да өзүбүздүкүлөр иштесин
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ноокен районундагы ипотекалык үйлөрдүн курулуш иштери менен таанышып жатып, жергиликтүү бийликке курулуш иштерине кыргызстандыктарды алуу керектигин айтты.
«Ишке өзүбүздүн жарандарды алгыла. Өзүбүздүн, кыргыздын жарандарын алганга аракет кылгыла. Өз жарандарыбыз жумушсуз жүрсө, Бангладештен, Пакистан жана башка жактан келгендерди булар арзан иштейт экен, ысыкка чыдап иштей берет экен деп алып албагыла. Бир аз чыдамы жок болсо да өзүбүздүн жарандар, бир аз кымбат төлөсөк да өзүбүздүн жарандар. Өзүбүздүн жарандарды жумуш менен камсыз кылганга аракет кылгыла, иштешсин, айлыгын алсын, бала-чакасын баксын», – деди Ташиев.
Ошондой эле, ал курулуштарда иштеген ар бир адамдын мыйзамдуулугун текшерүүнү тапшырды.
«Өзүбүздүн жарандарга тийбегиле. Кайсы аймактан келбесин: Баткенби, Нарынбы – тийишпегиле, иштей беришсин. Чет элден келип, курулушта иштегендердин мыйзамдуулугун текшерүү керек, эмгек визасы барбы, курулушта иштөөгө уруксаты барбы... Коңшу өлкөлөрдөн жөн эле чек араны кесип өтүп, бул жерде устачылык кылып иштеп, кайра кетип калышат. Же алар салык төлөбөйт же айлыгынын пайдасы жок... Мындай болбойт», – деди Камчыбек Ташиев.
