ЖК төрагасы Астанадагы негизги көчөлөрдүн бирине Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунуштады
www
12 июнь

ЖК төрагасы Астанадагы негизги көчөлөрдүн бирине Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунуштады

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Астана шаарындагы негизги көчөлөрдүн бирине көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунуш кылды. Ал мындай сунушту 12-июнда  Казакстанга расмий сапарынын алкагында аталган өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев менен болгон жолугушууда айтты. 

Жолугушууда тараптар эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча ой бөлүштү. 


Маалымат үчүн: Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахман уулу 1901-жылдын 28-декабрында Каракол уездинин Күңгөй-Аксуу болуштугундагы Чиркей айылында төрөлгөн.

Жусуп Абдрахманов Кыргыз мамлекетин түптөгөндөрдүн башында болуп, аны түзүлүшүнө жана калыптанышына негиз салган. 1