Пенсионерлер турак жай салыгынан бошотулабы? МСК өкүлүнүн жообу
Кыргызстанда 1-сентябрга чейин турак жай салыгы төлөнүшү керек. Бул – аянты 80 чарчы метрден ашкан батирлердин жана 150 чарчы метрден ашкан аянттагы турак жайлардын ээлерине тиешелүү.
Мамлекеттик салык кызматынын карыздарды өндүрүүнү көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азамат Пазыловдун айтымында, пенсионерлер турак жай салыгынан бошотулган эмес, бирок аларга чарбалык участоктор үчүн жеңилдик каралган.
«Пенсионердин карамагында канча чарбалык участок болсо дагы, баары салыктан бошотулат. Бирок эгерде участок ижарага берилген болсо, ал коммерциялык объект катары каралат жана ага жараша салык алынат», – деди.
Ал өлкөдө кандай имараттар салыктан бошотулганын тизмеледи:
«Турак жай салыгынан толук бошотулгандар – майыптар коомунун имараты, муниципалдык имараттар жана билим берүү, илим, чыгармачылык багытындагы имараттар. 50 пайыздык тандоо укугу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, Баткен окуясынын катышуучуларына берилген. Салык мыйзамдарында жеңилдик объектке каралган, ал жайгашкан жер үчүн эмес. Ошондуктан жер үчүн салык толугу менен төлөнөт».
