Ош шаарында Достук айлампасына унаа кыймылын жөнгө салган өтмөк курулат
Ош мэриясы
12 июнь

Ош шаарында Достук айлампасына унаа кыймылын жөнгө салган өтмөк курулат

Ош шаарында жер алдынан жана үстүнөн унаа каттамы, ал эми айлампадан жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк курулат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Анда Кулигов-Курманжан датка багытында 6 тилкелүү жол каралган. Ал эми Касымбеков-Осмонов багытында 8 тилкелүү жол болот.

Ал эми жөө өтмөктүн 8 тарабында тепкич, 4 тарабында пандус болот. Аталган жумуштар жол кыймылын жөнгө салып, унаа тыгынын жоюп, жол коопсуздугун камсыздоо максатында ишке ашырылууда.