Жыргалаң жайлоосуна барчу жол кеңейтилүүдө. Министр иштин жүрүшүнөн кабар алды
Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев 23-июлда Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң жайлоосунда жүрүп жаткан жол курулуш иштери менен жеринде таанышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Зындан-Жыргалаң айылына чейин узундугу 13,2 чакырым болгон жолдо учурда жер иштери жана жолду кеңейтүү иштери жүргүп жатат. Анын ичинен 4,5 чакырымы төрт тилкелүү жол болуп курулат. Ал эми Куршабел тилкесинде 8 км жаңы жол салынууда.
Белгилей кетсек, бул жол “Ала-Тоо Резорт” кышкы туристтик комплексине алып баруучу негизги каттам болуп саналат.
