Алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды
ИИМдин КИББнын кызматкерлери тарабынан көптөгөн жарандарды алдаган алдамчы кармалды. Кечээ, Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында мурда бир нече жолу соттолгон, алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн 1977-жылы туулган Б.У. аттуу жаран кармалган.
Алынган маалыматтар боюнча, аталган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Алдын ала маалымат боюнча, жаран Б.У. бир нече жарандардын мүлкүн жана акча каражаттарын алдоо жолу менен ээлеп алган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен бир нече кылмыш иш козголгон. Ыкчам тергөө иш аракеттеринин жүрүшүндө келтирилген зыян 2,5 миллион сомдон ашык суммага бааланууда. Кылмыш иштин алкагында ыкчам иликтөө иштеринин негизинде шектүу катарында Б. У. аттуу жарандын өздүгү аныкталып, ага карата издөө жарыялаган.
Бүгүнкү күндө издөөдө жүргөн 1977-жылы туулган Б.У. аттуу жаран кармалып, Ош шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми, Б.Унун башка кылмыш иштерине дагы каташтыгы бар болушу мүмкүн. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
