Азамат Пазылов: Турак жай жана короо жай үчүн салык: кандай шарттар жана талаптар каралган
Ушул жылдын 1-сентябрына чейин жарандар турак жайлары, батирлери жана короо жайлары үчүн салык төлөп жетишүүсү керек. Салык өз убагында төлөнбөсө, физикалык жактарга – 1000 сом, юридикалык жактарга – 5 миң сом айыппул салуу каралган.
Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын карыздарды өндүрүүнү көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азамат Пазылов билдирди.
Ал белгилегендей, 2022-жылы мыйзамга өзгөртүү киргизилип, Кадастр менен МСКнын базасы бириктирилген. Эми Салык кызматы кайсы жаранга канча аянттагы кыймылсыз мүлктөр катталганы тууралуу маалыматка ээ. Ошондой эле, өзгөрүүлөргө ылайык, мурда турак жай жана короо жайга салык ар кандай коэффициенттерди, мисалы, зоналык, аймактык эске алынса, азыр айылдык жана шаардык кеңештер тарабынан ставка белгиленип, анан ал турак жайдын аянтына көбөйтүлөт. Ошону менен жаран канча салык төлөөрү белгилүү болот.
«1-сентябрга чейин ишкерчилик үчүн колдонулбаган турак жайлар жана батирлер, ошондой эле үй алдындагы, короо жай жана бакча участоктору үчүн салык төлөнөт. Төлөө мөөнөтү соңуна чыгаарына 1 ай калганда, 1-августта жарандарга салык төлөөсүн эскерткен, суммасы белгиленген билдирүү жөнөтүлөт. Азыр салык төлөө үчүн салык органдарына келүүнүн кажети жок. Аралыктан онлайн төлөө ыкмалары киргизилген», – деди ал.
Айтымында, турак жай жана короо жайлар үчүн салык ставкасы 0дөн 100 сомго чейинки босого чекте белгиленген. Бишкек шаардык кеңеши чарчы метр үчүн 75 сом ставка белгиледи. Ал эми Ош шаарында 65 сом. Эң минималдуу ставка Нарында – 12,6 сом.
«Бишкек шаарында 80 чарчы метрге чейинки аянттагы батирлер жана 150 метр аянтка чейинки турак жайлар салыктан бошотулган. Эгер жарандын карамагында 80 чарчы метрге жетпеген эки кыймылсыз мүлкү болсо, анын бирөөсү гана бошотулат, экинчиси үчүн салык төлөшү керек. Белгилей кетсек, экиден көп турак жайы болгон учурда салыктан бошотуу турак жайдын аянтына карата болбойт, саны эсепке алынат. Мисалы, 40 чарчы метрлик эки батири болсо, анын бирөөсүнө (өзү тандайт) салык төлөөгө милдеттүү», – деп түшүндүрдү Азамат Пазылов.
