«Манас» бажысында жүктүн чыныгы баасын жашыруу аракетине бөгөт коюлду
«Манас» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери медициналык жабдууларды бажылык декларациялоодо баасын төмөндөтүү фактысын аныкташты.
«Turkish Airlines» авиакомпаниясынын рейси менен «М.Н.» ЖЧКнын дарегине Швейцариядан (Хербон ш.) – 1080,50 кг салмакта медициналык жабдуулар товары келген.
Бажы декларациясын тапшырууда жабдуунун баасы 30 000 АКШ доллары деп көрсөтүлгөн. Бирок бажы контролун жүргүзүүдө жана экспорттук документтерди текшерүүдө жүктүн реалдуу баасы 154 983 АКШ долларды түзүп, көрсөтүлгөн суммадан 124 983 долларга көп экени аныкталган.
Мындан тышкары, «М.Н.» ЖЧКсы буга чейин да 30 000 АКШ доллар өлчөмүндө медициналык жабдууларды тариздегени аныкталган. Бул партиянын экспорттук декларациясын текшерүү жүктүн иш жүзүндөгү наркы 174 832 долларды түзгөнүн көрсөттү, бул көрсөтүлгөн суммадан 144 832 долларга көп.
Аныкталган мыйзам бузуулардын натыйжасында төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасы 2 740 141 сомду түзгөн.
Фактылар КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
