Бишкекте дээрлик 4 млн сомдук алдамчылыкка шектүүлөр кармалды
Бишкек шаарынын ИИББна 2026-жылдын 3-мартында М.М. аттуу жаран жазуу жүзүндө арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар тарабынан жасалган алдамчылык боюнча чара көрүүнү суранган.
Арыз ээсинин айтымында, 2026-жылдын 2-мартында белгисиз адамдар өздөрүн мамлекеттик органдардын кызматкерлери (анын ичинде «Түндүк», Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги) катары тааныштырып, акча каражаттарын кайтарып берүү шылтоосу менен аны алдап, каражатын ээлеп алышкан.
Кылмышка шектүүлөр жабырлануучуну борбордогу соода түйүндөрдө жайгашкан төлөм терминалдары аркылуу акча которууга көндүрүшкөн. Натыйжада келтирилген зыяндын жалпы суммасы 3 935 000 сомду түзгөн.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.
Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-иликтөө жана техникалык иштердин натыйжасында кылмышка шектүү адамдар аныкталды:
1998-жылы туулган М.А., 2001-жылы туулган А.А. жана 2007-жылы туулган Ч.К. Алар Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалды.
