Улуттук госпиталда өзгөчө кырдаалдар учурундагы куткаруу иштери боюнча машыгуулар өттү
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2025-жылдын 26-февралындагы №24 буйругуна ылайык жана жарандык коргонуунун 2025-жылга карата планынын алкагында Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын базасында өзгөчө кырдаалды – урология корпусундагы өрттү инсценировкалоо боюнча окутуу-машыгуу иш-чаралары өткөрүлдү.
Окутуу-машыгуу иш-чараларына урология имаратынын бардык бөлүмдөрү катышты. Машыгуунун жүрүшүндө бардык бейтаптар, анын ичинде баса албаган, замбил менен ташылуучу бейтаптар жана имараттын урология жана көз оорулары бөлүмдөрүнүн медициналык кызматкерлери эвакуацияланды.
Симуляцияланган өрттү өчүрүүгө жана коопсуздукту камсыздоого Бишкек шаарынын 4 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык штабынын жана куткаруу кызматынын кызматкерлери менен биргеликте атайын техникалар жана куткаруучу шаймандар тартылып, имараттын 5, 4, 3 жана 2-кабаттарынан адамдарды эвакуациялоо ийгиликтүү ишке ашырылды.
Мындан тышкары, оорукананын медициналык кызматкерлери алдын ала макулдашылган, оорулууларды, анын ичинде оор абалдагыларын кабыл ала турган бөлүмдөргө бейтаптарды эвакуациялоо алгоритмин иштеп чыгышты
