Нарында мындан 55 жыл мурун курулган "Байдулуу" каналы жаңыланууда
23 июль

Нарында мындан 55 жыл мурун курулган "Байдулуу" каналы жаңыланууда

Нарын районунда жайгашкан “Байдулуу” каналы оңдолууда, деп билдирет Суу ресурстары министрлиги. 

Ведомствонун маалыматына караганда, аталган канал 1970-жылы курулган жана анын жалпы узундугу 18,9 км ди түзөт.

План боюнча канал аркылуу жалпысынан 305,5 гектар жер сугарылышы керек болчу. Эми планга жеткирүү максатында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы тарабынын акча каражат бөлүнүп канал жаңыланууда. 

5,5 км канал механикалык жол менен тазаланып, жаңы лотоктор орнотулууда. 

Каналда учурда көлөмдүү көчкү түшүү коркунучу бар аймактар да аныкталган. Алар суунун агымына тоскоолдук жаратып, кооптуу жагдайларды түзүүдө.

Буга дагы атайын каражат бөлүнүп, көчкүгө каршы диаметри 1 метр болгон 45 метрлик болот түтүк (стальной труба) орнотулат. Ошондой эле 50 даана ЛР-60 лоток жаңыланат. Министрлик тарабынан “Байдулуу” каналынын абалын жакшыртуу иштери улантылып, ирригациялык инфраструктураны чыңдоо боюнча чаралар көрүлүүдө.