«Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралды
26 май

«Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралды

Бүгүн, 26-майдагы Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары А.Т. Мамашова , Э.К. Абакиров, Исатбек кызы А., М.Дж. Саккараев, А.А. Алтынбеков, Ы.Ы. Атажанов, Н.Я. Алимжанова, Ч.А. Айдарбеков, П.Р. Тулендыбаев, А.Т. Кылычбаев, Д.Д. Бекешев жана И.К. Кубанычбеков.

Демилгечилердин бири, депутат Айсулуу Мамашова белгилегендей, мыйзам долбоорунун милдети майып балдардын ата-энелерин мамлекеттик алым төлөөдөн бошотуу болуп саналат. Бул социалдык адилеттүүлүктүн принциптерине, эл аралык милдеттенмелерге жана экономикалык максатка ылайыктуулукка шайкеш келет.