Депутат: Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда мединструменттерди стерилизациялоочу аппарат жок
20 май

Депутат: Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда мединструменттерди стерилизациялоочу аппарат жок

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева медициналык мекемелердеги реалдуу абал Саламаттыкты сактоо министрлигинин формалуу отчетунан алда канча айырмаланарын айтты. 

Ал белгилегендей, ага Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери жана бейтаптары кайрылышкан. 

“Аталган борбордо медициналык инструменттерди стерилизациялоочу шаймандар жок. Ал үчүн инструменттерди тез жардам унаасы менен башка мекемелерге ташып барышат. Бул тартип бузуу гана эмес, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукка шек келтирүү. Ар бир кыймылда бейтаптардын өсүрү турат. Эгерде инструменттер туура эмес шартта стерилизацияланса же ташылса, жугуштуу оорулардын коркунучун көбөйтөт. Борбордо дарыланып жаткан жаңы төрөлгөн ымыркайлар, операциядан кийинки энелер жана оор абалдагы балдар инфекциянын алдында эң алсыз болушат”, – деди депутат. 

Ал Саламаттыкты сактоо министрлиги буга чейин отчет берип, бардык медициналык мекемелерде абал жакшы экенин, бардык шарттар түзүлгөнүн билдиргенин эске салды. 

Депутат медициналык инструменттер убагында стерилизацияланбай, башка медициналык мекемелерге ташылганын жана бул аралыкта тез жардам алууга муктаж болгон бейтаптар 2-3 сааттап күтүп калышарын далилдеген фото, видео материалдар бардыгын белгиледи. 

“Операцияга керектелчү стерилизацияланган инструменттер жетишпесе, бул техникалык көйгөй эмес, бул адам өмүрүнө келтирилген коркунуч”, – деди депутат. 

Ал Саламаттыкты сактоо министрлигин көйгөйдү чечүүнүн ордуна формалдуу жооп берүү менен чектелип жатканына айыптады. 

Ошондой эле депутат Эне жана баланы коргоо улуттук борборун ачык текшерүүнү, медициналык инструменттерди ташуу жана сактоо эрежелери канчалык сакталып жатканын көзөмөлдөөнү сунуштады.