Нарында мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүргөн жаранга 12, 5 миң сом айып салынды
Жаратылыш ресурстары министрлиги
6 октябрь

Нарында мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүргөн жаранга 12, 5 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга жана браконьерликке жол бербөө, жапайы жаныбарларды коргоо максатында Нарын облусунун аймагында рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2025 аскер бөлүгүнүн чек ара кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн рейд учурунда Ак-Сай-Арпа жайлоосунун «Сөөк» участкасында жеке жаран тарабынан ок атуучу курал мыйзамда белгиленген уруксат берүүчү документтерсиз алып жүргөндүгү аныкталды.

Аталган факты боюнча жеринде тиешелүү акт түзүлүп, жаранга жаратылышка жана анда байырлаган жапайы жаныбарларга аяр мамиле кылуунун, ошондой эле мыйзамсыз аңчылыкка жол бербөөнүн зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, ок атуучу куралга тиешелүү уруксат берүүчү документтердин жоктугуна байланыштуу, жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык аңчылык жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн 12 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Министрлик жарандарды аңчылык жүргүзүүнүн белгиленген тартибин жана жаратылышты коргоо боюнча талаптарды так сактоого чакырат. Мыйзамсыз аңчылык жана ок атуучу куралды тиешелүү уруксатсыз алып жүрүү мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.