Көчмөндөр оюндарында майыптыгы бар адамдарга 100гө жакын Эмгек министрлигинин кызматкери жардам көрсөтөт
Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 100гө жакын кызматкери VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө майыптыгы бар адамдарга жардам көрсөтүүгө тартылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
1-сентябрдан 6-сентябрга чейин адистер консультациялык жардам көрсөтүп, аймакта багыт алууга жана жүрүп-туруу үчүн көмөк көрсөтүшөт.
Майыптар арабасында жүргөн адамдар үчүн «Газпром» спорт комплексинин аймагында иш-чаралар өтүүчү жайларга коштоп баруу үчүн атайын транспорт уюштурулган.
Ошондой эле иш-чаралар өтүүчү жайларда атайын көрсөтмө белгилер орнотулган. Эмгек министрлигинин кызматкерлери келгендер аларга оңой кайрылып, жардам ала алышы үчүн министрликтин логотиби түшүрүлгөн атайын таанымал жилеттерди кийип иштеп жатышат.
Эмгек министрлиги белгилегендей, негизги максат — майыптыгы бар адамдардын Көчмөндөр оюндарынын алкагындагы иш-чараларга катышуусун жеткиликтүү, ыңгайлуу жана коопсуз кылуу.
