Медер Абакиров Бельгиянын Элчиси Эрик Де Майердин ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды
12 октябрь

Медер Абакиров Бельгиянын Элчиси Эрик Де Майердин ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды

2025-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров резиденциясы Астана шаарында жайгашкан Бельгия Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрик Де Майерден ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-бельгия кызматташтыгынын келечектүү багыттары боюнча пикир алмашуу болду. Тараптар саясий диалогду тереңдетүүгө, соода-экономикалык жана инвестициялык байланышты жандандырууга өз ара кызыгуусун билдиришти.

Ошондой эле эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны өнүктүрүүнү улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.